Turmush — 16-апрелде Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында оор жүк ташуучу 2 унаа кагышты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык ал күнү саат 09:30 чамасында болгон. Айрым айдоочулар кырсыкка кабылган Максатбек Заировго жардам сурап, элге кайрылуу кылып жатышат.
Жабырлануучу Заирбек Максатбеков кырсык жөнүндө айтып берди.
«Беш-Күнгөйайылындагы карьерден өйдө-ылдый жүк ташыйбыз. Жүк ташуучу унаам да топурак жүктөлгөн болчу. Мен ылдый түшүп бара жатканымда, унаамдын тормузу кармабай калып, токтотууга мүмкүн болбой калды. Жүк 35 тоннага чукул болчу. Мындай жүк менен унаа токтобой кетет. Натыйжада алдыман жүксүз келе жаткан дагы бир чоӊ унааны сүзүп куладым», - деди ал.