Turmush — Өзгөн шаарынын мэри Нурланбек Саипбаев шаардагы билим берүү мекемелеринде окуу процессинин жүрүшү, билим сапаты жана мектептердеги шарттар менен жеринде таанышууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын негизги максаты — окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү, мугалимдердин ишмердүүлүгүн колдоо жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди өз убагында аныктоо. Кыдыруунун алкагында мектептердин материалдык-техникалык базасы, окуу кабинеттеринин абалы, жылытуу системалары жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилүүдө. Ошондой эле окуучулардын жетишкендиктери, мугалимдердин иш ыкмалары жана билим берүүдөгү жаңы усулдардын колдонулушу көңүл борборунда болууда.
Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ОРТ) даярдыгы да өзүнчө каралып, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берилүүдө. Мэр жаштардын келечеги сапаттуу билимге түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.