Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарынын 2007-жылы туулган тургуну Алихан Нурсланов жаш болсо да, мал чарбачылыгында өз ордун таап келе жаткан эмгекчил жигиттердин бири.
Ал 11-классты артыкчылык менен аяктап, учурда Борбордук Азиядагы эл аралык университетинин бизнес башкаруу адистиги боюнча билим алып жатат. Окуусу менен катар мал багууну да ийгиликтүү айкалыштырып келет.
Алихан мал чарбачылыгына 5-6 жашынан тарта аралаша баштаган. Анын айтымында, бул жолго түшүүсүнө атасы чоң түрткү берген.
«Мал багууну атам үйрөткөн. Бүгүнкү күндө мал менен алектенип келе жатканыма 12 жылга жакындап калды. Бул ишти жакшы билем, тажрыйбам да жетиштүү», — дейт ал.
Учурда жаш фермер кой, жылкы, уй сыяктуу малдын бир нече түрүн багат. Айрыкча, ал кымбат бааланган Арашан, меринос сыяктуу породаларга көңүл бурат. Арашан койлорду багып баштаганына бир жыл болуп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштаган.
«Козулары жакшы болуп жатат, баалары да жакшы бааланууда. Меринос койлору да бар, бирок Кыргызстанда бул тукум азайып кетти. Мериносту эт багытында багып, жүнүн 6 ай сайын кырып өткөрөбүз», — дейт Алихан.
Азыркы учурда анын чарбасында 70 баш кой бар. Анын ичинен 20сы меринос, 50сү арашан породасында. Козулары менен кошо жалпы саны 100дөн ашат. Ал мал багууда тартип менен жоопкерчилик эң маанилүү экенин айтат. Күнүмдүк жумуштары так убакыт менен жүргүзүлөт: эртең менен, түштө жана кечинде мал каралып, суу, чөп-жем өз убагында берилет.
«Койлорду дайыма сарайда кармай берүү туура эмес. Аларды сыртка чыгарып, бастырып туруу керек. Адамдар сыяктуу эле малга да кыймыл керек», — деп түшүндүрөт ал.
Бош убактысында Алихан өзүн өнүктүрүүгө да убакыт табат. Ал машыгууга барып, ар кандай курстарга катышып, мал чарбачылыгы тууралуу блог жүргүзөт.
Келечекте анын максаты чоң — Кыргызстандагы эң ири фермалардын бирин ачуу.
«Малды өзүм үчүн багам, ошондой эле сатып да иш кылам. Келечекте чоң ферма ачып, бул тармакты дагы өнүктүргүм келет», — дейт жаш фермер.