Turmush — Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Гүлмира Касымова уулуна куру доомат коюлганын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.
Анын айтымында, уулу Ж.у.Э. 1 жыл 8 ай убактылуу кармоочу жайда [СИЗО] жаткан.
«Участкалык милиция кызматкери Ж.Д. баламдын мойнуна коюп, Нариманга алып барып, күч колдонуп, баламды ушундай кылды. Ж.Д. ал кыз [Касымованын уулунун кылмыш иши боюнча жабырлануучу] менен көңүлдөш болуп жүрүп, баласын багып алыптыр, 4 жыл болду. Менин баламдын 3 баласы бар, эгиз. Учурда балам камакта, эч жерге үнүм жетпей жатат. Бишкекке барып, Ак үйгө кире албай келдим. Прокуратурага, Ошко, Кара-Сууга кайрылып жатам. Эч жерге үнүм жетпеди. Балам камакта турат, сизден ырайым сурайм», - деди ал.
Садыр Жапаров андан уулу эмне себептен камалганын сурады.
«Ж.Д. ал кыз менен көңүлдөш болуп жүрүп, ал кызды төрөтүп, багып алыптыр. Төрөтүп алганына 4 жыл болуптур. Менин баламдын 3 баласы бар, ал Россияда иштеп жүргөн. Бул ушул жерде болгон иш. Ошол кыздын атасын аныктап бересиң деп... Менин балам Москвада болгон, бул кыз Кыргызстанда болгон. Ж.Д. ал кыз менен өзү жүргөн экен. Бул жерде куру жалаа болуп жатат», - деди Касымова.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов бул окуя Нариман айылында болгонун билдирди.
«Бул эженин баласы кошуна кыз менен болуп, бала төрөлгөн. Ал баланы участковый Ж.Д. деген багып алган. Териштирип туруп, атасыбы же жокпу, ошону тастыктап бергиле деген маселе болуп жатат. Учурда бул иш соттук кароодо. ДНК-экспертиза жүргүзүш керек болуп жатат», - деди ал.
Гүлмира Касымова ушул убакка чейин экинчи тарап ДНК-экспертиза жүргүзүүгө макул болбой жатышканын кошумчалады.
Жолугушууда бул окуяга 3 жыл болгону беглилүү болду.
Гүлмира Касымованын айтымында, уулу 2023-жылы 7-ноябрда Москвадан кармалган. Кызматкерлер менен өзү кошо барып, 350 миң сом сарптап, уулун алып келген.
Садыр Жапаров ДНК-экспертизанын жыйынтыгы 1 айда эле чыгарын айтып, эмне үчүн бул иш боюнча кечигип жатканын сурады.
А.Бийбосунов ДНК-экспертиза жүргүзүлүп, тараптар жыйынтыгы менен макул болбогонун билдирди.
«Биринчи чыкканда кайра кылабыз деп, макул болгон эмес. Биринчи буларга чыккан, экинчисинде туура эмес деп чыккан. Ошон үчүн ызы-чуу көп болуп жатат», - деди ал.
Садыр Жапаров ДНК-экспертиза кайсы жерден жасалганын сурап, Адылбек Бийбосунов Кыргызстандагы жеке лабораторияда жасалганын айтты.
Бул арада УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев сөзгө аралашып, биологиялык материалдарды Москвага же башка жакка жөнөтүүнүн кажети жок экенин, анткени УКМКга жабдык коюлганын билдирди.
Садыр Жапаров УКМК жетекчилигине бул ишти көзөмөлгө алууну тапшырды.
- Turmush басылмасына маалым болгондой, Ж.уулу.Э.ге карата Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш иш козголгон.