Turmush — Ак-Талаа районундагы таксисттерге лицензия берүү өнөктүгү жүрүүдө. Бул тууралуу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Аталган бөлүмдүн башчысы Асыкбек Шакуловдун айтымында, Баетов–Бишкек каттамындагы, Баетов–Нарын каттамындагы, район аймагындагы айылдар аралык каттамдагы жана ички жеңил такси кызматтарына лицензия берилип жатат.
«Учурда 1 юридикалык жакка жана 50дөн ашык таксиге лицензия берилди. Ал эми оң рулдуу унааларга лицензия берилбейт. Лицензия алууну каалаган тараптар Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясына кайрылуулары керек», - деди Шакулов.