Turmush — Ысык-Көл облустук соту зордуктоо боюнча айыпталган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Асыке (аты өзгөртүлдү А.А.З.) 1984-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. Үй-бүлөлүү, мурда жоопкерчиликке тартылган.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Асыке 2025-жылдын 11-августунан 12-августка караган түнү саат 04:00 чамасында Ысык-Көл районундагы эс алуу жайлардын биринде уктап жаткан, 2006-жылы туулган Кашымкандын (аты өзгөртүлдү И.К.И.) алсыз абалынан пайдаланып, эркине каршы зордуктаган. Ал эсине келип, каршылык көргөзгөнүнө карабай ага күч колдонуп, бетке бир нече жолу чабып, зордуктаганын уланткан.
Асыке бул факты боюнча Ысык-Көл райондук сотунун 2025-жылдын 24-декабрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Аталган өкүмгө Асыкенин жактоочусу макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу келтирген. Ал райондук соттун өкүмү мыйзамсыз экенин, анткени соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык жабырлануучунун денесинде эч кандай жаракат жоктугу, зордуктоо фактысы аныкталган эместигин билдирген. Ал айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосундагы жыныстык байланыш болгонун, бирок зордуктоо фактысы жоктугун белгилеген. Ага катар эле Кашымкан буга чейин өзүнүн жигити Бадабек (аты өзгөртүлдү Б.Ж.уулу) менен жыныстык катнашта болгонбуз деп айтканын, бирок ал жигити күбө катары суралганда ал жөнүндө айткан эместигин көрсөтүп, райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучуну актап берүүнү суранган.
Айыпталуучу Асыке да апелляциялык даттануу келтирип, анда өкүм менен толугу менен макул эместигин, жабырлануучу жыныстык катнашта болбогонун, райондук сот бир тараптуу эле карап чечим чыгарып салганын билдирип, туура чечим чыгарып берүүнү өтүндү.
Сотто Кашымкан тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүн толугу менен колдоп, ал күнү мас болуп, бир бөлмөдө уктап калганын айтып берди. Бир маалда эсине келип ойгонгондо курсагы чоң киши анын үстүндө чыгып зордуктап жатканын билген. Коркуп кетип каршылык көрсөтүүгө аракет кылганда ал киши оң колу менен бетке урган. Андан кийин эсин жоготуп, кайра ойгонгондо дагы эле зордуктоосун улантып жатканын билген. Ал эсине келгенде кайра бетине урган. Дагы эсин жоготкон.
Кийин дааратканага кирип бетин жууп, болжол менен 5 мүнөт күтүп, ал киши уктап калганын байкап, акырын буюмдарын кийип, эшик бек экенин көрүп, терезе аркылуу чыгып кеткен. Сыртка чыкканда таң атып калган. Денеси ооруп, ыйлап, көл жээгине барып отурган. Ошол жерден формачан милиция кызматкерлерине жолугуп, болгон окуяны айтып берген. Алар мейманкананын экинчи кабатына чыгып барып, ал киши жылаңач абалда дагы эле уктап жатканын билишке. Эшик бек болгондуктан милиция кызматкерлери терезе аркылуу кирип аны кармашкан.
Облустук соттун өкүмү:
Ысык-Көл облустук соту 2026-жылдын 26-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Ысык-Көл райондук сотунун Асыке жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Апелляциялык даттануулар канааттандырылган жок. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.