Turmush — «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Амирхан менен Эмирхан. Алардын апасы Жаңыл Сыдык кызы 4 баланын апасы. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жашоосу тууралуу айтып берди.
Жаңыл Сыдык кызы 1995-жылы 28-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сай айылында төрөлгөн. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында батирде жашап жатышат.
«2018-жылы жолдошум менен таанышып, баш кошконбуз. Жолдошум Алай районунун Күн-Элек айылынан болот. Учурда төрт баланын ата-энесибиз. Кичинекейлерибиз — эгиз уулдарыбыз Амирхан менен Эмирхан.
Тукумубузда эгиздер дээрлик жок. Жолдошум экөөбүздүн тараптан да кездешкен эмес. Балким жети атабызда болгон чыгар деп ойлойбуз. Бирок биз үчүн бул — Кудайдын берген чоң белеги.
Үчүнчү кош бойлуулугум күтүүсүз болду. Өзүм да байкабай калыптырмын. Эгиз экенин кош бойлуулуктун үч айынан өткөндө УЗИден билдим. Аябай таң калдым, башкача сезимдер болду. Ошондо "ошон үчүн тойбой жаткам го" деп күлүп да калдым. Чоң балдарымда токсикоз болгон эмес. Ал эми эгиздерде абдан кыйналдым — эч нерсе жегим келбей же тескерисинче тойбой калчумун.
Эгиздерди көтөрүү да жеңил болгон жок. 9 айга чейин араң жеттим. Отуруп-тургандан, жаткандан кыйналдым. Бирок сырттан караганда ичим анча чоң көрүнгөн эмес, көпчүлүк бир эле бала деп ойлошчу. УЗИге түшкөндө дайыма бирөөсүнүн салмагы экинчисинен 200 граммга чоң болуп жатты. Төрөөгө жакын айырма 500 граммга чейин жетти. Бул мени абдан тынчсыздандырды. Анткени эгиздер бир тонодо болгондуктан, экинчи балага азык жетпей калуу коркунучу бар эле. Күн сайын Кудайдан тиленип жүрүп төрөдүм.
Кудайга шүгүр, баары жакшы болду. Улуусу Амирхан 2670 грамм, кичүүсү Эмирхан 2240 грамм болуп төрөлүштү. Экөөнүн аралыгы 5 мүнөткө да жеткен жок. Салмактары кичине болгондуктан, төрөт жеңил жана тез өттү», - деди ал.
Жаңыл Сыдык кызынын айтымында, эгиздерди багуу албетте, оңой эмес.
«Жаңы төрөлгөндө апам Оштон келип, бир ай жардам берип кетти. Жолдошум эртеден кечке жумушта болгондуктан, жалгыз өзүм жетишпей, балдарды алып Ошко апамдын жанына кеттим. Апам эгиздер 7 ай болгонго чейин каралашты. Чынында, эгиздерди эки адам карабаса, бир адамга абдан оор. Бирин көтөрсөң, экинчиси ыйлап калат.
Азыр балдарым 1 жашка чыгып калышты. Бир аз чоңоюшуп, бири-бирин кызганып калышат. Бирөөсүн көтөрсөм, экинчиси дароо ыйлайт. Азыр жолдошум да көп жардам берет. Түндө уктаарда бирөөсүн мен уктатсам, экинчисин ал карап турат. Кээде экөө тең бир убакта ойгонуп кетишет, ошондо кыйыныраак болот.
Азыркы кызыктуу учурлары — оюнчук талашып, бири-бирин түртүшүп, кээде кучактап алышат. Улуусу жоошураак, кичүүсү шок. Акырындап бири-бири менен ойногонду үйрөнүп жатышат. Көпчүлүк "кантип айырмалайсыңар?" деп сурашат. Бирок биз үчүн экөө такыр эле айырмаланып турат. Жаңы төрөлгөндө эле чоң-кичинелигинен айырмалачубуз.
Чоң балам Арлан 7 жашта, 1-класста окуйт. Андан кийинки кызым Милана 4 жашта. Ал эми эгиздерим Амирхан менен Эмирхан 1 жашта.
Азырынча кичинекей болгондуктан, эмнеге кызыгаарын байкай элекмин. Бирок келечекте балдарыма жакшы тарбия берип, жакшы мектептерде окуткум келет. Билимдүү болуп, өз элине, жерине кызмат кылган мыкты инсандар болуп чоңоюшса деп тилейм», - деди ал.