Turmush — Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарындагы айрым көчөлөр убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Курманжан датка көчөсү жана аны менен кесилишкен Жээнбеков, Токтогул, Жунусов көчөлөрү бүгүн, 13-апрелде убактылуу жабылды. Бул көчөлөрдүн ордуна Бөкөнбаев, Умаров, Ш.Абдиев көчөлөрү жана Нарматов көчөсү аркылуу каттоого болот.
Бүгүн, 13-апрелде Гүлчө шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү маданий калкты тейлөө борбору президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылат.
------------------------------------------------------------
Буга чейин Turmush Гүлчө шаарында маданий калкты тейлөө борборунун курулушу толугу менен аяктаганын жазган.
Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаевдин айтымында, борбордун курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Маданий борбор 3 кабаттан турат, жер төлөөсү да бар.
- Жер төлөөсүнө кинотеатр, машыгуу залы курулду;
- 1-кабатка камсыздандыруу ишканасы, мамлекеттик нотариус, калкты тейлөө борбору, «Унаа» ишканасы, күтүү залы уюштурулду;
- 2-кабатта конференциялык залдар жайгашкан;
- 3-кабатта ашкана бар.
Аталган борбор Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 150 млн сомго курулуп бүткөрүлдү.
- Гүлчө шаарынын калкы 23 миң 601 адамга жетти. Шаардын жалпы аянты 35 гектарды түзүп, Гүлчө өлкөдөгү 34-шаар болуп расмий макам алган. Шаар статусу 2025-жылдын 25-сентябрында берилген.