Turmush — Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван районунун активи жана жашоочулары менен жолугушууда өлкөдө жеке менчик бала бакча жана мектеп ачам деген жарандарга мамлекет тарабынан жер тилкелери акысыз берилип жатканын билдирди.
Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле облустук жана райондук борборлордо каралган.
«Жалпы кыргызстандыктарга айтып коеюн, кимде-ким жеке бала бакча жана мектеп курам десе, биз жерлерди бекер берип жатабыз. Бишкекке, Ошко, облустук жана райондук борборлорго жер тилкелери бекер берилет.
Мектеп менен бала бакчанын көлөмүнө жараша 1 гектардан 2 гектарга чейин жер каралат. Анткени биз мектептерди салып жетишпей жатабыз. Жыл сайын мектепке жана бала бакчага барган балдардын саны көбөйүүдө. Мындан улам мамлекет жылына 50гө чейин мектеп курууга муктаж болуп жатат.
Ошондуктан биз жеке жактарды да жардамга чакырып жатабыз. “Биз жерлерди бекер беребиз, жеке менчик бала бакча, жеке менчик мектеп ачкыла” деп айтып жатабыз», — деди мамлекет башчы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram