Turmush — Ош технологиялык университетинде Германиянын Weihenstephan-Triesdorf University of Applied Sciences окумуштуулары менен эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев катышып, Өзгөн районундагы күрүч талааларынын топурагынын сапаттык көрсөткүчтөрүн жана жаңгак токойлорун изилдөө боюнча ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда жүргүзүлүп жаткан илимий иштердин жүрүшү менен таанышып, келечектеги пландарды талкуулады.
Иш-чаранын алкагында Германиядан келген профессорлор Георг Гуттенбергер, О.Б. Шибистова жана магистранттар Фридерика М., Зафар Т., Флабю С. менен биргеликте талаа изилдөөлөрү, топурак үлгүлөрүн алуу жана алардын химиялык-физикалык касиеттерин аныктоо боюнча пландар каралды.
Мындан сырткары, жолугушууда Германиянын Эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ), Европа Биримдигинин (ERASMUS+) программаларынын долбоорлорунун алкагында кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты жана айыл чарба тармагындагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана студенттерди окутуудагы тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Бул илимий мобилдүүлүк Өзгөндөгү токойлорду, айыл чарбасын жана күрүч өндүрүшүн илимий жактан өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.