Turmush — Кара-Көл шаарына жол кырсыгынан улам бир адам каза болду, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 11-мартында түнкү саат 03:50 чамасында Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду.
Кара-Көл ШИИБдин 102 кызматына шаардык оорукананын медайымы кабарлап, Бишкек—Ош унаа жолунун болжол менен 389-чакырымында жол кырсыгы болгонун билдирген.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу алдын ала маалымат боюнча, “Nissan Almera” үлгүсүндөгү автоунаа Ош тарапты көздөй бара жатып, жол четинде Бишкек тарапты карап токтоп турган “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөнүн аныктаган.
Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын жанында жүргөн жөө жүргүнчү — Кара-Көл шаарынын тургуну — 2008-жылы туулган Г. Т. окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталууда.