Turmush — 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата Кара-Көл шаарында бир катар спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында аялдар арасында волейбол, стол үстүндөгү теннис жана футбол, ал эми жаш балдар арасында эркин күрөш боюнча Кара-Көл шаарынын биринчилиги уюштурулду. Спорттук мелдештер шаардык спорт бөлүмү тарабынан өткөрүлүп, майрамга карата катышкан айымдарга гүл белекке берилип, майрамдык куттуктоолор айтылды.
Ошондой эле 8-март күнү 31-январда башталган Кара-Көл шаарындагы футбол боюнча кышкы турнир жыйынтыкталды. Турнирге шаардагы мекеме-ишканалардан командалар катышты.
Турнирге катышкан командалар:
- Токтогул ГЭСтер каскады — 2 команда;
- Камбар-Ата ГЭС-2 командасы;
- «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун командасы;
- Кара-Көл шаардык кеңешинин командасы;
- шаардык ички иштер бөлүмүнүн командасы;
- өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн командасы;
- №7706 аскер бөлүгүнүн командасы;
- спорт ардагерлеринен түзүлгөн команда;
- шаардагы жеке ишкерлердин командасы;
- Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин U-14 жана U-16 командалары.
Мелдештер эки ай бою жуманын эс алуу күндөрү — ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлдү. Оюндардын так программасы жана күн тартиби алдын ала жарыяланып, ар бир оюн белгиленген графикке ылайык өттү.
Кара-Көл шаардык футбол лигасынын жыйынтыгында:
- 1-орунду «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун командасы;
- 2-орунду Камбар-Ата ГЭС-2 командасы;
- 3–4-орундарды Токтогул ГЭСтер каскадынын биринчи жана экинчи командалары ээлешти.
Мелдеште ийгиликке жетишкен командалар жана спортчулар акчалай сыйлыктар, медалдар, дипломдор, кубоктор жана сувенирлер менен сыйланышты.