Turmush — Бүгүн, 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын «Баймак унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, турак жай комплекси үч блоктон жана 30 батирден турат.
Капсула салуу иш-чарасына облус жетекчилиги, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Досмамбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган турак жай комплекси Ала-Бука районунун Ызар айылында жайгашып, жергиликтүү ишкер тарабынан каржыланууда. Курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалган.