Turmush — Жалал-Абад шаарындагы мектептин курулушунда мамлекетке 3,5 млн сомго жакын зыян келтирилген.
Жалал-Абад облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, калаанын Ынтымак айылында жайгашкан М.Төрөмаматов атындагы орто мектебинин курулушунда тиешелүү кызматтар тарабынан иш жүзүндө аткарылбаган жумуштар кабыл алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ишти облустук милиция тергеп жатат.
«Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Ф» ЖЧК менен алдын ала тил бириктирип, М.Төрөмаматов атындагы орто мектебинде бетон лотоктордон жүрүүчү суу агуучу курулмалар, курама бетон конструкциялары, волейбол, гимнастикалык, баскетболдук аянтчалар курулбагандыгына жана мектеп эмеректер толук камсыздалбагандыгына карабастан расмий иш кагаздарга жалган маалыматтарды киргизип, жумуштардын аткарылгандыгы боюнча актыларды кабыл алышкан. «Ф» ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 2 млн 640 миң 980 сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары аткарылган иштерди кабыл алуу актысына ылайык, «Ф» ЖЧКнын кызматкерлери 1 188 000 сомдук 250 кВт ток чыгаруучу генераторду 2 030 000 сомго алынгандыгын көрсөтүшүп, мыйзамсыз 842 000 сомго кымбаттатылып кабыл алынгандыгы аныкталган», - деди Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүм башчысынын орун басары Айдин Дегенбаев.
Мындан сырткары ал текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 379-берененин 1-2-бөлүктөрү (документтердин жасалмасын жасоо) жана 210-берененин 4-бөлүгүндө (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
№25 М.Төрөмаматов атындагы мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталып, 2024-жылдын август айында бүткөрүлүп, мамлекеттик кабыл алуудан өткөрүлгөн. Курулуштун жалпы наркы 120 млн 482 миң 530 сомду түзгөн.