Turmush — Ашыралиев Эмил Рысбекович Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал бүгүн, 29-июнда эмгек жамаатына тааныштырылганын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Буга чейин Токтогул, Кара-Көл шаардык кеңештерде депутат, төрага, Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси болуп эмгектенген.
2022-жылы 10-январда Кара-Көл шаардык кеңешиндеги депутаттар төрага Эмил Ашыралиевдин отставкасын кабыл алышкан.
- Эмил Ашыралиев 1996-жылы 26-январда төрөлгөн. Ал Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Рысбек Ашыралиевдин уулу.
2022-жылдын 27-июнунда Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында Базар-Коргон шаарындагы архитектуралык нормалардын бузулушу, жер тилкелеринин берилиши, шаардын тазалыгы жана башка жергиликтүү маселелер өз убагында чечилбей жаткандыгы боюнча маселе көтөрүлүп, Базар-Коргон шаарынын мэри Ильяс Төлөнов жумуш ордунан бошотулган.