Turmush — Бүгүн, 23-июнда Кара-Көл шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага шар мэри Алмаз Балташов, шаардык кеңештин төрагасы Кадырбек Батыркулов катышты.
Шаардык кеңештин «Мыкты инсан» төш белгисин 9 кызматкер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы үчүн Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин ардак громатасы менен шаардык мэриянын адиси Айжамал Ажибаева сыйланды. Ошондой эле мэриянын 4 кызматкерине «Кара-Көл шаарынын өнүгүүсүнө сиңирген эмгеги үчүн» ордени тапшырылды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.