Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылы менен Миң-Куш айылынын эли жайыт талашып келишет. Алардын чыры бүгүнкү күнгө чейин токтой электигин аймактык кабарчы билдирди.
Легендарлуу парламенттин депутаты, «Даңк» орденинин ээси, маркум Керимкул Карабаев уул-кыздары менен өмүр бою жайлап келген жеринен айрылып калды. Мындай пикирин анын келини Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаты Нурзат Мамбеткулова билдирип, президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылган. Эки айылдын жайыт чырын тактоого облустан комиссия түзүлүп, бирок анын жыйынтыгы чыга элек.
Каарманыбыздын айтымында, союз маалынан бери колдонуп келе жаткан Сасык-Таш, Капкак-Туз, Биринчи-Суу, Экинчи-Суу жана Зындан аймагындагы жайыт жерлерди Миң-Куш айылынын эли жана жергиликтүү бийлиги мыйзамсыз карта чийдирип, жайыттарды тартып өздөрүнө каратып алышкан. Ара жолдо Кызыл-Жылдыз айылынын чабандарын киргизбей, кубалап салышкан. Алардын арасында маркум Керимкул Карабаевдин да уул-кыздары бар.
Чаек айылдык кеңешинин депутаты Барчынбек Орозобековдун айтымында, мурда Чаек айыл өкмөтү менен Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү бир болуп, биринчи жана экинчи бригада катары иш алып барып келишкен. Кийинчерээк айыл өкмөттөрү өзүнчө бөлүнгөн соң азыркыга чейин жайыт жерлери бөлүнгөн эмес.
«Бул талашка түшүп жаткан жайыт жери азыркыга чейин Өрнөк колхозунда болушу керек. Себеби 1992-жылы түзүлгөн алгачкы карта күчүндө. Ал кезден бери мен билгенден Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары Өрнөктөн ижарага алып байырлап, салыгын төгүп келишкен. Анан эле чектеш жайгашкан Миң-Куш айылы эмнеге тартып алышы керек? Кийинки 2021-жылы карта түзүп, жайыттарды өзүңөрдүн карамагыңарга алып алган бул мыйзамсыз. Жайытка чектеш айылдар, мисалы, Чаек айыл өкмөтү макулдук берген эмес. Себеби эки айылдын жайыты учурга чейин бөлүнүп бериле элек. Бизде ардактай турган, кастарлай турган эч нерсебиз калган жок бул жашоодо. Жалгыз Советтер Союзунун Баатыры бар эле. Кечээ эле өлдү, сөөгү сууй электе жөн койгула да буларды. Өзү өлүп калды, балдары отуруш керек да ал жайыт жерде. Аларды эмнеге кубалап жатасыңар? Эмне үчүн силер «Даңк» орденинин ээси Керимкул Карабаевдин көзү тирүүсүндө жерди албай, көзү өтүп кеткенден кийин козгоп атасыңар? Ал жер Өрнөк айыл өкмөтүнө тиешелүү болсо, ошончо жылдан бери Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары колдонуп келсе, эмнеге Миң-Куш айыл өкмөтүнө каратып коёсуңар? Жаңы отурукташып талашып жатсаңар бир жөн. Союз тарай электен бери отурган жайыттан эмнеге кетиресиңер? Ал жакка малын айдап барган кишилерди эмнеге кубалап чыгып коюшат. Эмнеге легендарлуу парламенттин депутатынын балдарын кубалап саласыңар? Комиссия жерине барып карап чечип бергиле. Бир эки адамдын тили менен бул жерди Миң-Кушка алып берип койсоңор, эки элди кырылыштырасыңар. Кийинки жасалган документ өзү туура эмес, ал каттоого алынбатыр. Анан эмнеге элди кырылыштырып жатасыңар?» - деди Б.Орозобеков.
Жыйында өкмөттүн 1992-жылдагы токтому күчүндө экени айтылды. Себеби ал учурда түзүлгөн карта ушул күнгө чейин жарактуу. Анткени андан бери Жогорку Кеңештин жайыттарды аныктоо боюнча же бир жайытты бир айылга өткөрүп, чийип берүү туурасында башка токтом чыга элек. Учурда жайыт жерлерге 2030-жылга чейин мораторий киргизилген. Ал эми 2016-жылы жана 2021-жылы түзүлгөн комиссия жана "Кыргызмамжердолбоорлоонун" өкүлдөрү келип, дагы бир карта чийип берилерин, ал болгону долбоор экендиги белгиленди.
Бул убакта КРдин Айыл чарба министрлигинин үгүт кербени Жумгал жергесинде болду. Министрликтин жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын директору Айнура Кенжебаеванын айтымында, бул талаш тартыш маселеге 2031-жылы кайрылып келүүгө болорун, себеи ортодо өкмөттүн токтому күчүндө экендигин ырастады.
«Негизинен ушул жайытты башка тараптан колдонуу деген талап бар болчу. Эгер башка райондун адамдары колдоно турган болсо, ал мөөнөт 2030-жылга чейин узартылган. Бул жайыт талашы да ушул багытта экен. Кыргыз гипрозем кийин чийип берген картасы мыйзамдуубу же мыйзамдуу эмеспи тактап беребиз. Башка тараптан эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Кийинки карта бул жөн гана долбоор, долбоорду тиешелүү мамлекеттик орган бекитиши керек. Ал мекеме бул "Кыргызмамжердолбоорлоо" болуп эсептелет. Эгер алар эки тараптуу карап туруп, келишимге өзгөртүү киргизилип бекитилген болсо, мыйзамдуу болуп эсептелинет. Эгер ал долбоор тиешелүү органдардан каттоодон өтпөсө ал долбоор өзү мыйзамсыз болуп эсептелинет. Биз картаны көрүп чыктык. Бул жерден Миң-Куш айыл өкмөтүнө укук 2031-жылдын 1-январынан тартып берилет», - деди Кенжебаева.
Буга Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Алманбетов кошулбайт, себеби 1992-жылдан кийин дагы бир карта жогору жактан келген адистердин катышуусунда чийилип такталган.
«Бизде жайыт жерлер тар болуп жаткандыктан өкмөткө кайрылганыбызда, 2021-жылы "Кыргызмамжердолбоорлоонун" кызматкерлери, жергиликтүү бийликтен жана айыл өкмөтүнөн түзүлгөн комиссия жаңы карта чийип, аталган талаш жайыт жерди жеринен барып тактап келгенбиз. Ошол жылдан бери Миң-Куш айыл өкмөтүнө карап турат. Керимкул Карабаев колдонуп жүргөн жайыттардын айрым тилкелери бизге каратылган. Биздин деле жерин коргоп чыккан элдерибиз деле бар, анда аларды алып чыгалы», - деди Алманбетов.
Ал эми Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Рахат Жумуковдун айтымында, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жаңылып да калышы мүмкүн.
«Барың эле жергиликтүү бийликке, мына бизге кайрылбастан, жогору жакка арыз жазып, ал жактан үмүт кылып жатасыздар. Анын бары бизге эле кайтып келет. Эмнеге облуска арыз менен кайрыласыңар, азыр мына облустук деңгээлде комиссия түзүлүп, жеринде кароо жүрүп анан жыйынтык чыгат. Бөөдө эки элди уруштуруп албайлы урматтуу айыл өкмөттөр. Ал жер негизинен адистердин айтымында, Өрнөк колхозуна караштуу экен. 1992-жылы түзүлгөн карта бул күчүндө жана мыйзамдуу деп турат. Мораторий киргизилген соң 2030-жылга чейин эч кандай тактоо жана кайрадан карта чийүү иштери жүргүзүлбөш керек экен. "Кыргызмамжердолбоорлоого" ишенип жатасыңар, алар деле жаңылышы мүмкүн», - деди Жумуков.