Turmush — Балыкчы—Бөкөнбаев—Барскоон унаа жолунун 2-этабынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Учурда 71-чакырымдан 141-чакырымына чейин, тактап айтканда, Ак-Сай айылынан баштап Барскоонго чейин жол салынууда. Жолдун курулушу «Арек строй» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан колго алынган.
«Биздин база 91-чакырымда жайгашкан. Жергиликтүү тургундардан барып келип иштегенге жумушчуларды алабыз. Ошондо жалпы 600дөн ашык адам жумуш менен камсыз болот. Учурда жол салууга даярдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Жолдорду кеңейтип, көпүрөлөрдү, түтүктөрдү салып таптап, 2-3 айдын аралыгында эски асфальттарды сыйрып, жаңы асфальттоо иштерин баштоого даярдайбыз. Азыркы тапта биздин фирмада 150дөн ашык атайын техника, 100дөн ашык оор жүк ташуучу унаа иштеп жатат. Мындан сырткары жаңы үлгүдөгү атайын техникаларга буюртма берилген», - деп айтылат маалыматта.