Turmush — Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын башчысынын орун басары Конокбек Курманбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган театрдын жетекчиси Эмил Балтагулов билдирди.
Анын айтымында, маркум 63 жашта болчу, ал ооруп жаткан.
«Конокбек агай 2014-жылдан бери Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын директорунун орун басары кызматында иштеп жаткан. Акыркы мезгилде ден соолугуна байланыштуу операция болгон. Андан кийин эле каза болуп калды. Биз үчүн оор жоготуу болду. Кечээ агайды акыркы сапарга узатып келдик. Театрдын эмгек жамааты маркум кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деди Э.Балтагулов.
Курманбеков Конокбек Айдарбекович 1959-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Михайловка айылында туулган.