Turmush — Жалал-Абад шаарына караган Тоо-Кызыл-Суу айылына чакан ГЭС 2023-жылы курулуп бүтөт. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков ГЭСти куруучу компаниянын өкүлдөрүн кабыл алганда айтылды.
Маалым болгондой, ГЭСтин курулушу аяктаса, ондой жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот.
«Калаага караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы Ничке-Сайга курула турган чакан ГЭСтин долбоору менен тааныштык. ГЭСти «ДАТТ Энерджи» компаниясы курат. Келишимге ылайык, курулуш үчүн 1,5 гектар жер аянты 49 жылга ижарага берилет. Аталган компания чакан ГЭСти 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүшү керек. Курулуш аягына чыккандан тартып компания жергиликтүү бюджетке ай сайын 11 200 сомдон ижара акы жана жыл сайын социалдык пакет катары 800 миң сом акча каражатын төлөйт. Мындан сырткары жергиликтүү жашоочулардын ГЭСте иштөөсүн камсыз кылат», - деди мэр.
Ничке-Сайга курула турган чакан ГЭСтен жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «DAТT Energy» («ДАТТ Энерджи») жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Жапаров Төлөнбек Мухамеджанович. Компания 2021-жылы 18-майда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: электр өткөрүү линияларын жана телекоммуникация куруу.