Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.12.2019 12:14

45 күндүк бийлик, ата менен баланын кызматы: Ак-Талаадагы 12 аким

Чиновники
Чиновники

Turmush -  Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Ак-Талаа районуна 11 адам аким болуп, учурда 12чи аким иштеп жатат.

Маалым болгондой, акимдик кызматта узак мөөнөттө Семетей Черикбаев 5 жылга чукул иштеген болсо, ал эми эң кыска убакытта Дастан Бердиев 45 күн аким болгон. Райондун алгачкы акими Дөөлөтбек Берикбаевдин уулу Сейтек Кулубаев 2010-2013-жылдары аким болуп иштеген. Сейтек Кулубаев учурда кайрадан экинчи жолу акимдик кызматты аркалап жатат.

Акимдердин тизмеси:

- Дөөлөтбек Берикбаев 1947-жылы Баетов айылында туулган. 1990-1993-жылдары аким болгон;

- Турар Сулайманов 1948-жылы Бишкек шаарында туулган. 1993-1994-жылдары районду башкарган;

- Өмүрбек Кожеков 1954-жылы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында туулган. 1994-1997-жылдары акимдик кызматты аркалаган;

- Ыбраим Жолдошов 1951-жылы Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында туулган. 1997-2001-жылдары аким болуп иштеген;

- Дастан Бердиев 1950-жылы Ош облусунун Лейлек районунун Баул айылында туулган. Ал 2001-жылдын март-апрель айларында 45 күн акимдик кызматты аркалаган. Бийик тоолуу районго ден соолугу туура келбегендиктен кызматтан кеткен.

- Молдобек Ашыралиев 1947-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун Киров айылында туулган. 2001-2004-жылдары акимдик кызматты аркалаган;

- Алмаз Кулматов 1967-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2004-2008-жылдары аким болгон;

- Жаныбек Ажибаев 1955-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2008-2009-жылдары акимдик кызматты ээлеп турган;

- Эмилбек Алымкулов 1966-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылында туулган. 2009-2010-жылдары аким болгон. Учурда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Сейтек Кулубаев 1971-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 2010-2013-жылдары акимдик кызматты аркалаган;

- Семетей Черикбаев 1979-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 2013-2018-жылдары аким болуп иштеген;

- Нурбек Молдокадыров 1977-жылы Нарын шаарында туулган. 2018-2019-жылдары акимдик кызматты аркалаган. Учурда Нарын шаарынын мери болуп иштеп жатат;

- 2019-жылдын 14-октябрь күнүнөн тарта кайрадан Сейтек Кулубаев аким болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×