Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 11.11.2019 14:40 На русском

Чоң-Алайда үйдүн короосунан 82 кг салмактагы жардыруучу зат табылды. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районунда 1999-жылдары Баткен окуясында жарылбай калган 82 кг салмактагы жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматты Ош ОИИБ тастыктады. Алардын маалыматына караганда, кечээ, 10-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылынын тургундары таза суу чыгаруу максатында казуу иштерин жүргүзүп жатып, жардыруучу зат табып алышкандыгы тууралуу Чоң-Алай РИИБге маалымдашкан. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда жардыруучу зат 1999-жылы Баткен окуясында ташталып, жарылбай калгандыгы аныкталган. «Авиабомба РС-282» үлгүдөгү жардыруучу затты чек ара кызматынын аскерлери 25-30 см тереңдиктеги жерден алып чыгышып, зыянсыздандыруу үчүн алып кетишкен.

Жардыруучу зат бир үйдүн короосунан табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×