Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.11.2019 09:35

Жалал-Абадда Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү эскерилди

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү эскерилди. Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарада шаардын 20дай тургуну В.И.Лениндин эстелигине гүл коюшту.

«Бул жерге СССР учурунда жашап, иштеген инсандар чогулуп, ошол мезгилдеги окуяларды эскердик. Ал учурда бирдиктүү идеология күчтүү болчу. Жарандар ачкачылык, кыйынчылык дегенди билчү эмес. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү тууралуу жаштарга кеңири түшүндүрүлбөй жатат», - деди шаар тургуну Ж.Сатыбаев.

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп 2017-жылдан тарта белгилене баштаган. Буга байланыштуу жарлыкка мурунку президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Буга чейин 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары белгиленип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×