Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.11.2019 17:49

Милициянын ардагерлерине президенттин акчалай сыйлыгы тапшырылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда милициянын ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун эмгектенип, учурда коомдук тартипти камсыздоого кошкон зор салым кошкон жана жаш кызматкерлерди тарбиялоодо үгүт-насаат иштерин активдүү жүргүзүп келе жаткан ардагерлерге акчалай сыйлык берилди.

Бул сыйлыкты тапшыруу алдында ардагерлерди Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов өзү кабыл алып, аларга президент тарабынан берилген акчалай сыйлыктарды (ар бирине 10 000 сомдон) салтанаттуу түрдө тапшырды.

Өлкө башчынын мындай камкордугуна ыраазы болгон ички иштер органдарынын ардагерлери ыраазычылыктарын билдиришип, президентке, ИИМдин жана ОИИБдин жетекчилигине батасын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×