Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.11.2019 16:32

Тытынып иштесек дагы салыктын планын толтура албайбыз, - Аксынын акими

Turmush -  Жылдын аягына чейин тытынып иштесек дагы салыктын планын толтура албайбыз. Мындай пикирин Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев 9 айдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегияда билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын январь-сентябрь айларында облуста жалпы 3229,3 миллион сом салык жыйналып, план 107 пайызга аткарылган. Салык төлөмдөрүнүн ичинен республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардан 1897,4 миллион сом жыйналып, план 99,9 пайызга аткарылган. Жергиликтүү бюджеттен чегерилүүчү салыктардан 1331,9 млн сом жыйналган. Республикалык бюджетти толтурууда Аксы району эң артта калган.

Аким Ыманберди Досбаевдин айтымында, район үчүн салык чогултуу чоң маселе болуп саналат.

«Салыктын пландык көрсөткүчүнө жетүү биз үчүн чоң маселе. Бизде 9 айда 110 миллион 819 миң сом салык чогултулуп, жалпы планды аткардык. 2018-жылга салыштырмалуу 13 миң сомго ашык топтолгон. План боюнча республикалык бюджетке 38 миллион 772 миң сом төгүшүбүз керек болчу, бирок 35 миллион 652 миң сом жыйналды. Бул маселени дагы коллегияда карап жатабыз. Бирок биз тытынып иштесек дагы жылдын аягына чейин деле планды аткара албайбыз, аны ачык айтышым керек. Буга жагдайлар бар жана райондо салык базасы жок. Салыктан башка пландарды аткарып жатабыз. Бизде эки ишкана ачылмак, эки ишкердин тең долбоору колдоо тапты, өздөрү баш тартып коюшту», - деди райондун акими.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев акимди изденүүгө чакырып: «Райондо бир дагы ишкана ачылбаптыр. Жумуш орундарын түзгөн ишкана ачылбаса биз кантип өнүгөбүз? Кантип дотациядан чыгабыз? Изденип, аракет кылуу керек», - деди.

Акимдин салык топтоо оор дегенине коллегиянын мүчөлөрүнүн айрымдары ынанган жок. Тескерисинче райондо көмүр кени көп экенин, мыйзамсыз көмүр казгандарды көзөмөлгө алса салык түшөрүн, ал үчүн аракет жасалышы керектигин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×