Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.11.2019 15:03 На русском

Террорист менен кылмышкердин колунан ажал тапкан эки милиционердин үй-бүлөсүнө батир берилди

Turmush -  Жалал-Абад облусунда кызмат учурунда курман болгон эки милиционердин үй-бүлөсүнө батир берилди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган турак жайдан ОИИБдин турак жай комиссиясынын чечими менен кызмат өтөп жатып курман болгон кызматкерлердин эрдиктери эске алынып, алардын үй-бүлөлөрүн колдоо үчүн батир берилди. Батирдин ачкычын кыргыз милициясынын 95 жылдыгын белгилөө учурунда ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылыч Жолдошов тапшырды.

Курман болгон кызматкердин бири — милициянын старшинасы Мамасадык Турсунбаев 1961-жылы Сузак районунун Атабеков айылында туулган. 1979-жылы Интернационал орто мектебин бүтүргөн. 2003-жылы ОшТУ жогорку окуу жайын аяктаган. Ал 1991-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. 1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы кайгуул күзөт кызматынын милиционери, 1992-жылы ШИИБдин МАИнин инспектору, 2001-жылы Базар-Коргон РИИБдин МАИнин испектору, 2004-2006-жылдары ШИИБдин МАИнин инспектору кызматында эмгектенген. 2006-жылдын 19-июлунда тергөө ыкчам тобунун курамында кызмат өтөөдө Жалал-Абад шаарына кирип келген диний экстремисттик куралдуу террористтердин огунан 45 жашында курман болгон.

Экинчи кызматкер — милициянын капитаны Анвар Махмадалиев 1968-жылы Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында туулган. 1985-жылы №1 Макаренко орто мектебин аяктаган. 1989-жылы Базар-Коргон РИИБдин милиционер-мотоциклист болуп иштеп баштаган. 1991-1993-жылдары Фрунзедеги милициянын атайын орто мектебин бүтүргөн. 1993-жылы Базар-Коргон РИИБдин опер кызматкери, 1996-1998-жылдары улук опер кызматкери болуп иштеген.

Махмадалиев Анвар 1998-жылдын 10-август күнү кызматтык милдетин аткарып жатып, Арстанбап айыл аймагынын Жай-Терек айылында мурда бир нече жолу соттолгон Д.М. аттуу шектүүнү кармоо учурунда ок тийип, 30 жашында курман болгон.

Милициянын капитаны Махмадалиев Анварга көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы ыйгарылды. Анын аты Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Каба айылында жайгашкан орто мектепке жана Базар-Коргон айыл аймагындагы көчөлөрдүн бирине берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×