Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.11.2019 13:24

Базар-Коргондо калкты тейлөө борбору ачылды (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунда калкты тейлөө борбору ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Калкты тейлөө борборунун жетекчиси Ашырбай Токоевдин айтымында, буга чейин борбордун имараты жоктугуна байланыштуу райондогу почта бөлүмүндө, андан кийин райондук салык кызматынын имаратында иш жүргүзүп келишкен. Буга байланыштуу алар тийиштүү органдарга кайрылып, бул маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. Натыйжада жаңы имарат курулду.

«Учурда бул жерде иштеген кызматкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүп, калкка кызмат көрсөтүлүп жатат. Мындагы аткарылып жаткан жумуштар менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бир катар жетекчилер таанышып чыкты», - деди ал.

Өкүл Кеңеш айыл аймагындагы эки бала бакчанын курулуш иши менен дагы таанышты.

Быйыл облустун аймагында жаңы 8 мектеп жана ондон ашык бала бакча ачыла турганы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×