Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.11.2019 11:00

«Механик аке» атка конгон Ж.Канашов чөп оруучу трактор кураштырды. Сүрөт

Turmush -  Аксы районунун 42 жаштагы тургуну Жумабек Канашов «Т-40» үлгүсүндөгү тракторго түрдүү тетиктерди улап, чөп оруучу техника жасады. Элеттик уста менен аймак кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын техникага кызыгып калуусуна атасы себеп болгон.

«Союз учурунда атам Кызыл-Жар совхозунда трактор менен элдин жерин айдап, эрте жаздан кеч күзгө чейин талаада иштечү. Атамдын трактор айдаганын көрүп, менде дагы техникага кызыгуу пайда боло баштаган. Бирок атам тракторго жакын жолотчу эмес.

Ошентип 1998-жылдан бери Үч-Коргон пахта заводунда алгач мастер, бир жыл өткөндөн кийин механик болуп иштей баштадым. Бир топ убакыт өткөндөн кийин элде пахта жоктугунан улам завод иштебей калды. Бирок мени Ноокендеги пахта заводго ишке чакырышып, ал жакта дагы механик, андан соң инженер болуп азыркыга чейин иштеп жатам. Акыркы жылдары эл пахта экпей калганына байланыштуу жумуш токтоду. Ал ортодо заводдун тракторун ижарага алып, Үч-Коргондо элге кызмат кылып жаттым», - деди Ж.Канашов.

Ал айылдашына чөп оруучу техника жасап бергенин айтат.

«Бир күнү айылдашым трактор сатып алганын айтып, анын кабинасын жасап берүүнү өтүндү. Мен аны оюндагыдай кылып жасап бердим. Трактор заводдогудай болуп калгандыктан, муну байкаган тракторчулар кайрыла баштады. Мындан улам айыл эли мени "Механик аке" деп атай башташты.

Өткөн жылы айылдашым чөптү оруп, жыйноочу тетик жасоону сунуштады. Ал керектүү каражаттарды, тракторду сатып бермей болду. Ошентип 2019-жылдын февраль айында 50 миң сомго "Т-40" үлгүсүндөгү тракторду, кийин Бишкек шаарынан 80 миң сомго керектүү жабдыктарды сатып келдик. Трактордун абалы абдан начар экен, моторун да кайра жасап, орноттук. Темирлерди кураштырып, ишке киргенге чейин 200 миң сомдой каражат кетти. Бул тракторду жасап жатканда "убактыңды жөн эле коротуп жатасың" дегендер болду. Жалпысынан тетиктерди 1,5 айда кураштырып, биринчи беде орумга алып чыктым. Быйыл мээнетимди актады. Эми аны ээсине кайтарып берип, өзүм башка техника жасайм.

"Т-40" үлгүсүндөгү тракторду тандап алганыбыздын себеби — ал алдыга жана артка дагы бирдей ылдамдыкта жүрөт. Чөптү оруучу техниканын салмагы 350 кг болгондуктан трактордун артына орнотконбуз, ошол себептен дагы трактор артты көздөй жүрөт. Көп учурда жолдо айдап бара жатсам адамдар таң калып, арты менен бара жатат деп ойлошот», - деди ал.

Эми дарбыздын чөбүн чапкан чакан трактор жасоону пландап жатканын айтты.

«Кээде элдин бедесин оруп жатып, мен жасаган техникаларды раматылык атам көрбөй калганына өкүнөм. Бир чети элге кызмат кылып жатканымдан ырахат алам. Үч-Коргондо тургундардын көбү дарбыз жана коон өстүрүшөт. Жайдын күнү дарбыздын чөбүн чабуу бир топ түйшүк жаратат, ошондуктан чөп чапкан чакан трактор кураштырууну ойлоп жатам», - деди 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×