Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.11.2019 15:59

Сүрөт — Жалал-Абаддын кире беришиндеги арка 7,8 млн сомго оңдолду

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги арка реконструкциялоодон өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы «Курманбек — кылымдар мурасы» аркасы пайдаланууга берилгенден бери биринчи жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Анын оңдоодон кийинки абалы менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, райондун акими Эрмекбай Омошев баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүүлөр таанышты.

Арканы оңдоо үчүн облусту өнүктүрүү фондунан 14 миллион сом каралып, тендерден «Табан» ЖЧКсы 7 миллион 894 миң сом уткан. Оңдоо иштери 4 айга созулуп, түнкү чырактар, үкөкчөлөр, отургучтар орнотулган.

«Арка Жалал-Абад шаарынын эле эмес, облустун жүзү. Инвестор же коноктор келсе дагы ушул аркага маани беришет. Ушул жерге этнопарк курууну көздөп жатабыз. Бул үчүн 1 гектар жер бөлүндү», - деди ал.

Арка 2001-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгына карата орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×