Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.11.2019 21:48 На русском

Ош—Бишкек жолунда үч унаа кагышып, 10 адам жабыркады (тизме)

Turmush -  Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан 10 адам жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык 30-октябрда саат 23:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 375-чакырымында, тактап айтканда Кара-Көл шаарынын аймагында катталган. Унаа жолдо «Хонда Одиссей», «Хонда Степвагон» жана «Мазда» үлгүсүндөгү үч унаа кагышып, анын кесепетинен 10 жүргүнчү жараат алган. Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген.

Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан жабыркаган 10 адам ооруканага түшкөнүн тастыкташты.

Жабыркагандар:

- С.И., 1997-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну;

- С.А., 2004-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

- Н.А., 1995- жылы туулган (жашаган жери такталууда);

- М.Н., 1992- жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

- Б.Н., 1977- жылы туулган, Сокулук районунун тургуну;

- Т.К., 2003-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

- З.К., 1982-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

- С.Р., 1982-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну.

- К.Р., 2015-жылы туулган, Бишкектин Ак-Тилек жаңы конушунун тургуну.

- Б.у.Д., 1997-жылы туулган, Аксы районун тургуну.

Жабыркагандардын ичинен 8 адам медициналык жардам алган соң, ооруканадан чыгып кеткен. Экөө хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×