Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 01.11.2019 19:30

Ноокенде алдыңкы милиционерлер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Ноокен районунда кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага райондун акими Э.Маматаев, укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, отставкадагы ардагерлер, райондун тургундары катышты.

Алгач жумуш учурунда курман болгон милиционерлерге арналып куран окулду. Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы милиция кызматкерлерине райондук администрациянын ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле 61 ардагер райондук милицияга белектерди берди. Мындан тышкары Ноокен РИИБге ИИМдин, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын, райондук мекеме-ишканалардын белектери тапшырылган.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×