Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 30.10.2019 16:41

Аксыдагы тургундар мектепке спорт зал куруп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Чалдыбар айылынын тургундары ашар жолу менен мектепке спорт зал куруп жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мектеп 20 жыл мурун курулганы менен анын спорт залы болгон эмес. Буга чейин окуучулар дене тарбия сабагын кышкысын класстык бөлмөлөрдө өтүшчү.

«1996-жылы Абдыкалык атындагы мектепке жер көчкү түшүү коркунучу жаралып, ӨКМ тарабынан окуучуларды көчүрүү боюнча корутунчу чыгарылган. Мындан улам Чалдыбар айылында 220 окуучуга ылайыкташкан мектептин курулушу башталып, ал 1998-жылы пайдаланууга берилген. Бирок мектеп спорт залы жок курулган.

Эми айыл тургундары демилге көтөрүп, ашар жолу менен спорт зал куруп жатышат. Айылда 100 түтүн бар, ар бир түтүн 3 миң сомдон топтоп жатышат. Элден чогулган 300 миң сом курулушка, усталардын акысына кетет. Ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары казынадан 600 миң сом бөлүп беришти, ага кыш жана арматураларды сатып алдык», - деди айыл башчы Мыктыбек Эркинбеков.

Курулуш ишине мектептин жамааты дагы жардам берүүдө.

«№15 Баркы Миңбаев атындагы мектепте 200дөн ашуун окуучу билим алат. Ушул кезге чейин мектепте спорт зал болгон эмес, окуучулар дене тарбия сабагын эшикте, кышкысын класстык бөлмөлөрдө өтүп келген. Учурда айыл элинин демилгеси менен спорт зал курулуп жатат. Биз дагы жамаатыбыз, окуучулар менен бирге жардамдашып жатабыз», - деди мектептин директору А.Кудайбердиев.

Чалдыбар айылында 100дөй түтүн бар. Ал эми №15 мектепте 18 мугалим 200дөн ашуун окуучуга билим берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×