Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.10.2019 13:43

Кара-Көлдө Баткен окуясынын ардагерлери сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 29-октябрда Баткен окуясынын ардагерлерин куттуктоо иш-чарасы болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага шаардын мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, Баткен окуясынын ардагерлерин куттукташты.

«Баткен окуясына Кара-Көл шаарынан 19 жигит катышкан. Биз мектептерде Ооган жана Баткен согушунун катышуучулары менен жолугушууларды уюштуруп, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялай турган иш-чараларды өткөрүшүбүз керек. Баткен окуясынын ардагерлерине арналган иш-чараны шаардык аскер комиссариаты өз убагында уюштурушу керек эле», - деди мэр И.Еркеев.

Шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев дагы Баткен окуясынын ардагерлерин куттуктады.

«Мен силерден бир жылдан кийин аскердик кызматты өтөөгө барып калдым. Ошол убакта чоңдор, жетекчилердин балдары Баткен окуясына барбай, ар кайсы шылтоо менен калып калышты. Ошондо жалаң карапайым калктын балдары барып, мекенибизди коргоп келишкен. Ал үчүн силерге ыраазычылык билдирем. Арабызда Ата Мекендик согуштун ардагерлери калган жок. Алардан кийин мекенди коргогон баатырлар болуп силер калдыңар.

Жеңиш багында Ата Мекендик согушта, Ооган согушунда курман болгондорго атайын эстелик тургузулган. Эми Баткен окуясынын ардагерлерине арнап, бир эстелик орнотуу биздин милдет. Мисалы, Баткен окуясында 11 тонна курал-жарак тапкан Эдил Мамытов деген баатыр жигитибиз бар эле. Аны өз убагында баалай албадык. Бирок өзү туулуп өскөн Жазы-Кечүү айылындагы бир көчөгө анын ысымын ыйгардык», - деди Б.Кыргызалиев.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Баткен окуясынын ардагерлери сыйланды.

Алар:

- Бекбердиев Мыктарбек, старшина;

- Дүйшөналиев Нурсамат, старшина;

- Молдомусаев Майрамбек, сержант;

- Сатыбалдиев Бакытбек, катардагы жоокер;

- Исман уулу Кенжебек, старшина;

- Сополоев Нуржигит, сержант;

- Чиртеев Каныбек, катардагы жоокер;

- Апсатаров Асан, сержант.

Ошондой эле шаардык кеңештин ыраазычылык каты менен террорчуларды жана экстремисттерди жок кылууда жоокердик милдетин өтөгөн, маркум Эдил Мамытовду тарбиялаган Сатымбаева Жүзүмкан апа сыйланды. Ал эми шаардык кеңештин ардак грамотасы менен Баткен окуясынын жоокерлери Ажиканов Рустам, Адимов Нурлан, Добулов Өмүрзак, Отунчиев Султангазы, Толубаев Кубан, Тойчиев Советбек сыйланды.

Иш-чараны уюштурганы үчүн Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Молдомусаев Майрамбек ыраазычылык билдирип, Баткен окуясы тууралуу учкай маалымат берди.

«Ошол убакта кыргыз армиясы оор абалда эле. Жада калса аскердик форма жок болчу. Кийин Россия, Кытай, Түркия, Өзбекстан жардам берди. Кыйнчылыкта тикеден тик турдук, көп куралдаш досторубузду жоготтук. Бул окуяда 80ден ашык жоокер курман болду. Элүүдөн ашыгы майып болду. Чындыгында канча жылдан бери бизди мамлекет караган жок. Акыркы үч жылдан бери өкмөт көңүл буруп баштады.

Биз Эдил Мамытовдун өмүр баянын, сүрөтүн мектепке илдирип, анын энеси Жүзүмкан апага «Эне даңкы» медалын алып берүүгө көмөктөштүк. Ошондой эле мектептерде дагы Баткен окуясы тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүшү керек», - деди Майрамбек Молдомусаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×