Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.10.2019 22:00

Ноокендик айымдардын тобу ачуу татымалдан киреше таап жатышат (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында курамы 15 айымдан турган «Ынтымак» тобу лаза (тамакка кошулуучу ачуу татымал) жасап киреше таап жатышат. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Аталган топ айылда өндүрүлгөн азыктардын бузулуусун алдын алуу жана аларды туура сактоо, жер-жемиштерди кайра иштетүү максатында түзүлгөн. Айымдардын айтымында, талаада калып калган калемпирлерди, помидорлорду жана башка жер-жемиштерди кайра иштетишип, лаза жасап, базарларга, ашканаларга сатышат. Айымдар жер-жемиштерди консервалоо учурунда санитардык жана гигиеналык талаптарды сактоо, үй шартында консервлоо багытында атайын окуудан өтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×