Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.10.2019 20:01

Ноокенде Баткен коогалаңынын катышуучулары сыйланды (сүрөт)

Turmush -  1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңына Ноокен районунан 183 жоокер катышкан. Алардын ичинен Мелис Төрөбеков, Кыял Бакиров жана Шахаббидин Муллажанов баатырларча курман болушкан. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Ноокен районунда өткөн эскерүү иш-чарасында айтылды.

Баткен окуясынын 20 жылдыгына карата райондун борборунда уюштурулган иш-чарага Баткен коогалаңынын, Ооган согушунун, Чернобль апаатынын катышуучулары, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, коогалаңда курман болгондордун туугандары катышты.

Конокторго райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, курман болгондорго багышталып куран окулду. Андан соң аким Э.Маматаев сөз сүйлөп, Баткен коогалаңынын катышуучуларына акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле айыл өкмөттөр, Кочкор-Ата шаардык мэриясы, райондук аскер комиссариаты тарабынан да акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар ыйгарылды. Баткен коогалаңынын катышуучуларына билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери дагы өз сыйлыктарын тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×