Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.10.2019 18:52 На русском

Өспүрүм кызын зордуктаган өгөй ата: Депутаттар иштин жаңы жагдайларын угушту

кара-куль
кара-куль

Turmush -  Бүгүн, 25-октябрда Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында өспүрүм кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы боюнча маселе каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында өспүрүм кыз мэрия тарабынан камкордукка алынышы керектиги айтылып, аялдар кеңеши, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту тарабынан үй-бүлө мүчөлөрүнө жагымсыз абалдан чыгууга жардам берүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле милиция бул ишти мыйзам чегинде акыйкат текшерүүсү керектиги айтылды.

Бул тапшырмалардын аткарылышын шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев өзүнүн көзөмөлүнө алган. Ошондой эле үй-бүлө социалдык жактан муктаж экени белгиленди.

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чынара Тургунбаева жабыркаган өспүрүм менен жолукканын айтып: «Биз өспүрүм менен сүйлөшүп, тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Министрлик менен дагы байланыштык. Бизде психолог жоктугуна байланыштуу алар психолог таап берүүгө аракет кылышмай болду. Бирок ишеним телефону менен сүйлөшүүнү айтышты. Анткени ал жакта кесипкөй адистер бар экен. Кыз аялдын биринчи никесинен. Ал 13 жашынан тарта зордукка кабылган», - деди.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев өспүрүм кыздын абалы менен таанышканын билдирди.

«Психологдор келгиче социалдык мугалимдер жардам бериши керек. Ал кыз менен жолугуп, абалын көрүп, жүрөгүм ооруп турат. Ага жаңы жашоого умтулууга көмөк көрсөтөлү. Аркыт Абилович [Кара-Көл ШИИБдин башчысы], бул ишти өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алышыңыз керек. Тергөө акыйкат болсун. Күнөөлүү сөзсүз жоопкерчиликке тартылсын. Кыз өзүнүн жана апасынын коопсуздугуна кайгырып жатат. Кийин эркиндикке чыгып келип, өлтүрүп салабы деген ойлор жаралууда. Оорукананын башкы дарыгери бүгүндөн баштап өзүн жана ичиндеги баласынын ден соолугун көзөмөлгө алсын», - деди төрага.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×