Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.10.2019 15:05

Базар-Коргондо 10 адам салатка ууланды, 11 жаштагы кыздын абалы оор. Сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районунда 10 адам кышкы салатка ууланып, ооруканага түштү. Биринин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондогу Бекмурза Исмаилов атындагы аймактык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Данакан Артыкбаева билдирди.

Маалым болгондой, Базар-Коргон айылынын тургундары эки күн айылдашынын пахтасын терүүгө чыгышкан. 18-октябрда талаадан тамактанып, кышкы салат жешкен. Алар 20-октябрдан тарта ооруканага кайрыла баштаган.

«Бизге жалпы 8 адам түштү, аларга ботулизм диагнозу коюлду. Кайрылган 8 адамдын ичинен экөө, тактап айтканда 45 жаштагы эне менен анын 11 жаштагы кызы оор абалда түшкөн. Алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда апасынын абалы жакшырды, эртең жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулат. Ал эми кызы аппарат менен дем алып жатат. Биз колубуздан келген аракеттерди жасап жатабыз. Калган 6 бейтап жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат, алардын абалы жакшы», - деди Д.Артыкбаева.

Салатка ууланган 2 адам Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына түшкөн. Алар пахта өстүргөн үй-бүлөнүн келини менен небереси.

2018-жылы Базар-Коргон районунда 6 адам ботулизмге чалдыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×