Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 23.10.2019 11:59 Жаңыланды: 23.10.2019 18:24 На русском

«Топоздун эти табылгыс азык»: Чаткалдык топозчунун мээнети менен кирешеси

Turmush -  Чаткал районунун Ак-Таш айылынын 69 жаштагы тургуну Орозбек Бектурганов союз тарагандан бери топоз багуу менен алектенет. Кийин ал «Бектурган» фермердик чарбасын түптөгөн.

Ал 2000-жылдары чарбадагы топоздордун санын 350гө жеткирген. Топоздорду тоодон топтоо түйшүгүнөн улам алардын санын азайтууга туура келди.

«Топоздор бодо мал баспаган, суук жана бийик жерлерде жүргөндүктөн карышкырлар кол салган учурлар көп болду. Акыркы 3 жылдан бери 20-25тей топоз карышкырга жем болду», - дейт ал.

Анын айтымында, топоздун эти табылгыс азык.

«Топоздор негизинен 120 килограммдан 200 килограммга чейин эт берет. Бир топоздун эти 45-50 миң сомдун айланасында бааланат. Жыл сайын 10го жакын топоз союлуп, эти сатылат. Топоз бийик тоолуу, абасы таза жерде дары чөптөрдү жегендиктен эти табылгыс азык болуп саналат», - дейт О.Бектурганов.

Топозчу Орозбек Бектурганов тууралуу кенен маалыматты «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз. Журнал өлкөнүн бардык аймактарында сатылып жатат.

Журналдын өзгөчөлүгү — жалпы республикада дыйканчылыкты, мал чарба, балык жана аары чарбасын жана башка багыттагы чакан жана ири ишкердикти алдыга сүрөгөн адамдар, алардын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери, ой-пикири, көйгөйлөрү тууралуу маалыматтардын бир аянтчада топтолгонунда.

Андагы фермерлер — айылдан миллиондогон киреше тапкан эмгекчил адам жана мол тажрыйбанын ээси.

Журналдын баасы — 1000 сом. Анда фермерлердин дареги, телефон номурлары камтылган.

Журналды сатып алуу үчүн байланыш номуру:

- Ош облусу - (3222) 2-18-04;

- Ысык-Көл облусу - (554) 65 60 48;

- Талас облусу - (554) 65 60 23;

- Баткен облусу - (3622) 5 04 14;

- Нарын облусу - (554) 65 60 12;

- Жалал-Абад облусу - (554) 65 60 51.

Ошондой эле (312) 45 66 72, (312) 65 02 04, (550) 091 824 номурлары байланышта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×