Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 22.10.2019 12:46 На русском

«Шеригимди мууздап салышты»: Баткен окуясына катышкан К.Жалаловдун баяны

Turmush -  Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылынын тургуну Касымбек Жалалов 24 жашында Баткен окуясына катышкан. 20 жыл мурун болгон окуя тууралуу ал аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, ал мектепти 1993-жылы аяктап, ошол эле жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалимдик кесип боюнча билим алып баштаган.

«Окууну аяктагандан кийин 1999-жылы айылга ишке кирем деп барсам, аскерге чакыруу келди. Ошентип Бишкек шаарына аскердик кызмат өтөөгө жөнөп кеттим. Ал жерде 6 ай жүргөндөн кийин Баткен окуясы башталып, 2000-жылдын 10-августунда 30 аскерди Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жердеги Курбака деген блок постуна алып барып ташташты. Облустун борборунан бир топ алыс болгондуктан бир айда бир жолу тик учак менен келип, азык-түлүктөрдү таштап кетишчү. Күн сайын 10 жоокер кезметке чыкчубуз. Күндөрдүн биринде тоо-таштын арасында бизге күтүүсүздөн кол салуу болду», - деди ал.

Касымбек Жалалов 30 жоокердин арасынан жалгыз өзү тирүү калганын, баскынчылар анын шеригин сай жээгине алып барып, мууздап салганын эскерди.

«Баарыбыз жалгыз аяк жол менен бир катар болуп басып бара жатканбыз. Алдыда мен, артыбызда эки командир жана жоокерлер бара жатышкан. Бир учурда адырдын арасынан бизге күтүүсүздөн кол салуу болду. Биз колдогу куралдар менен ок чыккан тарапка туш келди аткылап баштадык. Бир учурда алдыга чуркап бара жатып, командирдин үнү угулбай калды. Көрсө биздин командирлерди атып салышкан экен. Ошондо 10 жоокерден 3 гана жоокер аман калыптырбыз. Аңгыча алар бизди курчап келип, туткун катары кармап алышты. Алар менен бирге түнү менен жол жүрүп, акыры бир чабандын эски короосуна барып токтодук. Ал жерден бизди суракка алып башташты. Бир учурда жанымдагы шеригим: "Баарыбыз мусулманбыз го, эмне себептен аткылап жатасыңар? Биздин шериктерибиздин баарын өлтүрдүңөр" деп айтканда, анын колун бошотуп, сай жээгине алып түшүп, бычак менен мууздап салды. Ошол окуя эч көз алдымдан кетпейт.

Ошентип барымтада эки жоокер калдык, ошол учурда баскынчылардын жалпы саны 47 адам болчу. Бешим намазы болгон учурда бизди эки жоокер кайтарып, калгандары жайнамаздын ордуна куралдарын коюп алып намаз окушту. Бир учурда биздин аскерлер келип, ортодо атышуу башталганда алардын аксакалы бата берип, баары "согушка" деген кыйкырык менен жөнөп кетишти. Ошол учурда барымтада калган экөөбүз качып жөнөдүк. Качып бара жатканда шеригиме ок тийди, мен сайга жакындап калганда мага дагы ок тийип жыгылдым. Ал жерде 1 сутка жаткан соң бизди аскерлер таап алып кетишти. Ок тийген аскер дагы каза болду. Мен алгач Баткенде, кийин Бишкектеги аскерлердин ооруканасында дарыландым. Ошол жылы кичи мекениме кайтып келип, ошондон бери айылдагы орто мектепте химия сабагынан мугалим болуп иштеп келем», - дейт К.Жалалов.

Ал учурда 44 жашта, 5 баланын атасы. Сузак району боюнча Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы.

Согушкерлер 1999-2000-жылдардын жай айларында эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп киришкен. Аскердик операцияга 1500-2000 аскер тартылган. 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. Качкындардын саны 4 миңден 8 миңге жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×