Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 21.10.2019 16:40

Нарында мас абалдагы 4 айдоочу кармалды

Turmush -  Нарын облусунун аймагында 2 күн аралыгында рейд өткөрүлүп, жол эрежелерин бузуу боюнча 212 факт катталып, 4 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 19-20-октябрь күндөрү Нарын ОИИБдин ЖКККБсы тарабынан Нарын облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу үчүн профилактикалык иштер жүрдү. Эки күн аралыгында өткөрүлгөн рейд учурунда атайын протоколдор толтурулду. Анын ичинен 4 айдоочу мас абалда унаа айдап жүргөн жеринен кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×