Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 21.10.2019 09:34

Эгиздер: Балдарымды атасы көрбөй калды, - Асан менен Үсөндүн апасы

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ачы айылынын тургуну Назгүл Бөрүбаева Асан жана Үсөн аттуу эгиз уулдары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, уулдары 2008-жылы төрөлүп, ысымын таякеси койгон.

«Төрт ай болгондо эгиз экенин билдик. Тилекке каршы балдарымды атасы көрбөй калды. Кош бойлуу кезимде жолдошум өтүп кетти. Балдарым аман-эсен жарык дүйнөгө келди. Асан 3 кг 100 гр, Үсөн 3 кг 700 гр салмакта төрөлдү. Экөөнүн мүнөзү эки башка. Асан өжөр болсо, Үсөн боорукер жана ак көңүл. Экөөнү азыркыга чейин айырмалай албайм. Бирок чоңойгон сайын өзгөрүп жатышат. Асан кичинекейинде өтө шок болчу. Асан 3 жашында тамак салып бергенде өзүнүн тамагын жебей, Үсөндүн тамагын тартып алчу.

Бир күнү үйдөгү иштерге алаксып кетиптирмин. Экөө үйдүн жанындагы сайга барып, бири-биринин бетине ылай сүйкөп ойношуп, чогуу ыйлап келишкен. Азыр акыл-эстүү болуп чоңоюп калышты», - деди Н.Бөрүбаева.

Анын айтымында, эгиз уулдары келечекте ырчы болсок деп кыялданышат.

«Асан менен Үсөндү мугалимдери дагы айырмалай алышпайт. Экөө бир партада отурат. Мугалимдери дептеринен айырмалап чакырат. Кичинекейинде мектептен дагы китеп талашып, уруша кетишчү. Экөөнүн үнү дагы окшош болгондуктан мен дагы адашып калам. Келечекте экөө тең ырчы болууну каалашат», - деди ал.

Эгиздер беш бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×