Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.10.2019 17:17 На русском

Унаа алып берем деп ири суммада акча алдап алган шектүү кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда алдамчылыкка шектүү делип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

17-октябрда Чаткал районунун 1953-жылы туулган Б.О. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Ү. ушул жылдын июнь айында карызга акча сурап алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирген.

Арыздануучунун билдирүүсү боюнча, М.Ү. күрөөгө «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын таштап, 100 000 сом алган. 10 күндүн ичинде 106 000 сом бермек болуп, ошол бойдон изин жашырган.

Ал эми 2018-жылдын декабрь айында Чаткал районунун 1948-жылы туулган тургуну Ш.Т. Ала-Бука районунун тургуну М.Ү. ишенимине кирип, «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаа алып келип берем деген убада менен 284 000 сом акчасын алып кетип, ушул күнгө чейин качып жүргөнүн айтып арызданган.

Дагы бир А.А. аттуу жаран милицияга арызданган. Ал 2019-жылдын 29-мартында Жалал-Абад шаарынын «Келечек» унаа базарында М.Ү. аттуу жаран «Мерседес-Бенц-Гигант» унаасын 370 000 сомго баалап, 30 000 сом акчасын берип, калган 340 000 сомду ушул күнгө чейин бербей, качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул кылмыш иштердин бетин ачуу максатында тергөө бөлүмү тарабынан атайын тапшырмалар берилип, Жалал-Абад ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүү — Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Үсөн экендиги такталган. Анын жүргөн жери аныкталып, тергөө бөлүмүнө алынып келген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Милиция бул жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 03722-7-05-30 же 0553 33 33 04 номуруна байланышууну өтүнөт.

10

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×