Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 18.10.2019 11:23

Кошоматчы «дежур чал» аталган адам моралдык зыян үчүн 1 млн сом талап кылды

таш-кумыр
таш-кумыр

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын тургуну аны мэрге кошоматчылык кылган «дежур чал» деп атаган адамды сотко берип, моралдык зыян үчүн 1 млн сом өндүрүүнү өтүнгөн. Иштин материалын шаардык сот карап чыкты.

Маалым болгондой, шаардын Канат [аты өзгөртүлдү] аттуу жашоочусу Санжар [аты өзгөртүлдү] аттуу жаранды сотко берип, андан моралдык зыян үчүн 1 млн сом өндүрүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары ал Санжардан мэрдин кабылдамасында айткан сөздөрдү төгүндөөнү талап кылган.

Канаттын айтымында, окуя 3-сентябрда саат 10:00 чамасында мэрдин кабылдамасында болгон. Ал иш бөлмөдөн чыкканда көп адам чогулуп турганын көргөн. Алардын арасында Санжар дагы болгон. Ал Канаттын дарегине кемсинткен өздөрдү айтып, «Оо, «дежур чал» чыкты, мэрдин кошоматчысы. Ага кошомат кылып, иштерин бүтүрүп жүрөт» деп айткан. Кабылдамадагы адамдар бул сөздөрдү угушкан, бирок түшүнүк кат жазууга макул болгон эмес.

Ал эми Санжардын айтымында, ошол күнү мэр жеке ишкерлерди жолугушууга чакырган. Кабылдамасына Канат кирип, чогулуп турган адамдар менен саламдашкан. Санжар Канаттан бүт жерде башкаларды жамандаганды токтотууну өтүнгөн. Бирок ал Канатты кемсинткен эмес жана ал кошоматчылык кылганды билгенден улам жер тилкелерин алып жүргөнүн айткан. Канат кеткенден кийин ишкерлер мэрге жыйналышка киришкен. Сотто Санжар аны «дежур чал» деп атаганын мойнуна алды.

Ал эми окуянын күбөсү Марат [аты өзгөртүлдү] Санжар чындыгында эле Канаттын дагерине кемсинткен сөздөрдү айтканын тастыктаган.

Санжар кайым айтышуу учурунда Марат мэрдин бөлмөсүндө болгонун жана алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын укпаганын билдирген. Ал эми Марат Канаттын күйөө баласы болуп саналат.

Жыйынтыгында сот Канаттын доосун канааттандырып, Санжардан 3000 сом өндүрүү чечимин кабыл алган.

Чечим ушул жылдын 10-октябрында кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×