Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.10.2019 16:21 Жаңыланды: 05.11.2019 23:21

Айыл турмушу: Базар-коргондук Билал самын жасоонун сырын өздөштүрдү

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагынын 27 жаштагы тургуну Билал Сражадин уулу самын чыгаруучу чакан цех иштетип жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, самын жасоого керектүү каражаттарды базардан сатып алат. Аларды кошуп аралаштырып, самынды түймөктөөчү аппаратка салат. Андан соң өзү жасаган кесүүчү жабдык самындарды бирдей формада кесип чыгат.

«Кир жууган самын чыгаруучу цехтин кээ бир бөлүктөрүн өзүм жасадым. Чакан цехти ишке киргизүү үчүн 350 миң сомдой каражат кетти. Эки адам иш менен камсыз болду. Цехтен күнүнө 1200 даана самын чыгарса болот. Бирок айрым жабдыктар толук бүтпөгөндүктөн азырынча андай мүмкүнчүлүк жок. Учурда атыр самындарды чыгарууга аракет кылып жатабыз. Цехти кеңейтип, ондогон адамды иш менен камсыздоону пландап жатам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×