Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 15.10.2019 15:54

Айыл турмушу: «Жакандын бозосу» атка конгон айымдын бозо бизнеси (сүрөт)

Turmush -  Тогуз-Торо районунун тургуну Жакан Балтабаева район элине даамдуу бозо жасаган айым катары белгилүү. «Жакандын бозосу» атка конгон айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 25 жылдан бери бозо жасайт.

«Союз тарагандан кийин элдин баары жумушсуз калды. Жолдошум экөөбүз да бири-бирибизди тиктешип эле отуруп калдык. Балдарды багышыбыз керек болду. Ага чейин дайыма өзүбүз үчүн бозо салчумун. 1994-жылы бир чака бозо жасап, сатып көрдүм. Бат эле өтүп кетти. Экинчи жолу дагы бир чака жасадым, ал дагы сатылды. Анан үч чакадан жасай баштадым. Ошентип бозо сатуу ишим башталды. Ошондон бери жолдошум, эки балам болуп бозо жасап жатабыз», - дейт Ж.Балтабаева.

Анын айтымында, бозону даярдоо үчүн үч күн убакыт кетет.

«Алгач буудайды жууп-тазалап, күнгө жайып кургатып алам. Биринчи күнү угут өндүрүп, экинчи күнү бир саат кайнатам. Таттуу болушу үчүн кайнаган бозону жакшылап аралаштырып, буусун чыгарып алуу керек. Буусун жакшылап чыгарганда жана угуту жакшы ачыганда гана бозо даамдуу болот. Илгери энелер бозо ден соолукка пайдалуу деп көп айтышчу. Чынында эле ангина болгондорго жакшы экен. Бөйрөк, боор ооруларына дагы пайдалуу. Кышкысын бозо ичкендер үшүбөй, демдүү жүрүшөт», - дейт Ж.Балтабаева.

Ал Жакандын бозосу деп атайын издеп келишерин, бозону алыс алып кетчүлөргө таттуу кылып, райондун элине күчтүү кылып жасап берерин айтат.

«Түркияга, Россияга алып кетебиз деп издеп келген кардарлар көп. Мындай учурда ачыбай жете тургандай кылып жасап берем. Башка өлкөлөргө алып кетүү үчүн келгендер мени өзгөчө кубандырат. Улак тарткандарга күчтүүрөөк жасап берем. Сыртка кетсе деле, район элине деле бирдей баада, литрин 25 сомдон сатам. Улак тартыш болгон күнү 100-200 литр буйрутма беришет, үй-бүлөбүз менен жасайбыз. Бул суусундук биздин кирешелүү булагыбыз болуп калды. Башка жактан жумуш деле издебей калдык», - деди ал.

Ал бозо жасоо оңой эмес экенине токтолду.

«Бозону 100-200 литрлик казанга очокко кайнатабыз. Бул үчүн керектелүүчү отунду сатып алабыз. Шакты бир саат кайнатып, андан кийин муздап, буусу чыкканча аралаштырып, анан ачытабыз. Эртеси бозону сүзөбүз. 50 литр бозону даярдоо үчүн үч күн убакыт кетет», - деди Жакан айым.

Ал келечекте келиндери анын ишин улантып кетсе деп ойлойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×