Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 10.10.2019 17:07 На русском

Кочкор-Атанын тургуну кутурган ит тиштегенден кийин каза болгону айтылууда

Кочкор-Ата
Кочкор-Ата

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында Орусиянын жараны кутурган ит тиштегенден кийин каза болгонун жергиликтүү тургундар билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, окуя ушул жылдын 15-августунда Кочкор-Ата шаарында болгон. Анда 80 жаштагы В.С. аттуу аялды өзүнүн үйүнүн короосунан чоочун ит тиштеп алган.

Жабырлануучу ит тиштеген жерин кир самын менен жууп, жараатка маани бербей жүрө берген. 6-октябрда дем алуусу начарлап, ооруканага түшкөн соң каза болгон. 7-октябрда жерге берилген. Аны кутурган ит тиштеп алгандан кийин, абалы начарлап каза болгонун жергиликтүүлөр билдиришти.

Вице-мэр Жайнак Немат уулу маркум бутун ит тиштеп алганын кызына да айтпаганын билдирди.

«1939-жылы туулган В.С. аттуу жаран көп жылдан бери Кочкор-Ата шаарында жашайт. 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алыптыр. Ошентсе да бул жакта жалгыз жашачу. Биздеги маалыматтар боюнча август айынын ортосунда аны ит тиштеп, бирок ооруканага кайрылбаптыр. Ит тиштегенин кызына да айткан эмес экен. Учурда анализдер Бишкекке жөнөтүлдү, анын эмнеден улам каза болгондугу боюнча жыйынтык чыга элек», - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Тыныбек Жоробаев окуя орун алганын ырастап, дарыгерлер өлүмгө кутурма оорусу себеп болушу ыктымал экендигин, белгилер туура келгенин айтышканын кошумчалады.

«Чындыгында окуя 15-августта катталган, бирок пенсионер аял ит тиштегенден кийин маани бербей, тиштеген жерин самын менен гана жууп коюп, эч кандай медициналык кароодон өтпөй жүрө берген. Арадан 1 айдан ашык убакыт өткөн соң, тактап айтканда 4-октябрда суу иче албай, дем алуусу начарлаганда гана ак халатчандарга эмес, кошунасына айткан. Ошол күнү саат 19:50лөр чамасында облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оруулар бөлүмүнө кайрылып, дарыгерлер тарабынан кутурма (гидрофобия) диагнозу коюлган. Ошол күнү ак халатчандар ооруканада дарылануусу керектиги боюнча айтканда бейтап баш тарткан. Бирок 6-октябрга караган түнү ал өзүн жаман сезип, тез жардам унаасы менен аймактагы ооруканага жеткирилген. Оор абалдагы бейтапка симптоматикалык дары-дармектер берилген.

Бирок ал 6-октябрда саат 24:30дар чамасында каза болгон. Анализдер вирустук лабороторияга жиберилип, учурда жообун күтүп жатабыз. Ошого карап кутурмадан улам каза болгонун так айта албайбыз», - дейт ал.

Кутурган мал-жандык тиштегенден кийин адам 45 күндөн 90 күнгө чейин жүрө берет. Оорунун алгачкы белгилеринде бейтап суудан, жарыктан а түгүл катуу шамалдан дагы коркуп калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×