Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.10.2019 13:24 На русском

Ала-Букага биринчи жолу жүгөрү жыйноочу техника келди (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районуна биринчи жолу жүгөрү жыйноочу атайын техника алынып, дыйкандардын иши бир топ жеңилдеди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылынын тургуну Каримжан Ташбаевдин айтымында, ал 26 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Быйыл түшүм жыйноо жеңил болду.

«Быйыл 2 гектар жерге жүгөрү айдадым. Түшүмдүүлүгү жакшы эле болду. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл жүгөрүнү жыйноо кыйынчылык жараткан жок. Анткени аны жыйноочу техника келип, бизге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Дыйкандарга жергиликтүү бийлик тарабынан тоюттарды көп алуу максатында жүгөрү айдоо талаптары коюлган. Мындан улам быйыл жүгөрү айдагандар көп кездешет», - дейт К.Ташбаев.

Ала Бука районунда 9 миң 995 айдоо аянты бар. Алардын ичинен 6 миң 82 гектары кайрак жер.

Ушул тапта райондун аймагында 6252 гектарга жүгөрү айдалган. Техника алынып, дыйкандардын иши жеңилдеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×