Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 04.10.2019 20:35

Майлуу-Сууда көпүрөдөн өтүп бараткан унаа кулап, 3 адам мерт кетти. Видео

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш аймагындагы айыл элин шаар менен байланыштырган көпүрөдөн өтүп бараткан унаа кулап, ичиндеги 3 адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдирди.

Каза болгондордун экөөсү Майлуу-Суу шаарынын тургуну болсо, бири Ала-Бука районунун тургуну болгон. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, окуя бүгүн, 4-октябрда эртең менен болду.

«Каза болгондордун бири шаардагы аскер бөлүктүн кызматкери болгон. Үчөөнү тең өлүкканага алып кетишти. Унааны жергиликтүүлөр чыгарышты», - деди күбөлөр.

Бул маалыматты шаар бийлиги ырастады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×