Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 04.10.2019 16:04

Майлуу-Сууда тургундар кооптуу делген сайдын жээгин бекемдеп жатышат

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында жергиликтүү тургундар ашар жолу менен сел алып кетүү коркунуу жаралган сайдын жээктерин бекемдеп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылы Сары-Бээ аймактык башкармалыгында бир нече соцобъектерди суу каптаган.

«Азыркы тапта Сары-Бээ аймактык башкармалыгында сел алып кетүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан 40 метрге созулган каналды тосмолоого 50дөн ашуун тургун тартылган. Ал үчүн ӨКМ тарабынан 60 даана габион, 8 тоннадан ашык цемент жана 600дөн ашуун арматуралар алынып берилген. Учурда жумуштун дээрлиги аяктады.

«2017-жылы каналдан суу ашып, айылдагы маданият үйүн, мечит, аймактык башкармалыктын кеңсесин жана бала бакчаны суу каптап, бир топ коркунуч жаралган», - деди жергиликтүү тургун Нурадил Маматов.

Учурда шаардын аймагынан агып өткөн Майлуу-Суу дарыясынын жээги дагы ашар жолу менен бекемделип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×