Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 02.10.2019 15:03

Видео — Тогуз-Тородо курулушу толук бүтө элек мектепке эски эмеректер менен окуучулар киргизилди

Turmush -  Тогуз-Торо районунда курулуш иштери толук бүтө элек Таштемир Сатыбалдиев атындагы мектепке окуучулар киргизилип, билим берилүүдө. Бул тууралуу мектептин мугалимдери билдиришти.

Алардын айтымында, курулуш иштеринин 70 пайызы бүткөн, жылуулоо сыяктуу иштер толук колго алына элек.

Маалым болгондой, Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектептин мурунку имараты 1954-жылы курулган. Пайдубалы куюлбастан таш тизип эле дубалын көтөрүп, чатырын жабышкан. Мектепте балдарга 62 жыл билим берилип келген. Адистер тарабынан кооптуу деп табылганына карабастан 10 жыл пайдаланылды.

«Биринчи жолу 2009-жылы мектептин имараты кооптуу деп табылып, 4 класстык бөлмө таптакыр жараксыз делген. Экинчи жолу 2012-жылы дагы ушундай корутунду чыккан. Ага карабастан аргасыздан окууну уланта бердик. Быйылкы жылдын июнь айында ӨКМдин адистери таптакыр жараксыз деп имаратты жаап коюшту. Чынында дубалдарда жаракалар көбөйүп, катуу баскандан коркчубуз. Качан дубал кулап, басып калат деген коркуу сезими бизде күч болчу. Быйыл дубалдарыбыз ачылып калды. Аргасыздан жергиликтүү бийликтен жана тийиштүү тараптардан суранып жатып толук бүтө элек имаратка эски эмеректерибизди ташып кирип алдык.

Капиталдык курулуш башкармалыгы, Экотехинспекциянын өкүлдөрү бүтө элек имаратка кирип алдыңар деп нааразы болушту. Аргасыздан ушул кадамга бардык. Эми жогорку бийликтен биздин маселебизди чечип берүүнү суранабыз», - дешти мугалимдер.

Мектептин директору Венера Эпееванын айтымында, мектептин курулушу 2013-жылы башталган. 6 жылдан бери аягына чыкпагандыктан алар аргасыз толук бүтө элек мектепке көчүп киришти.

«Мектепти жылуулоо иштери колго алына элек. Тогуз-Торонун суугуна чыдоо кыйын, бүтпөгөн мектепте билим берүү андан да оор. Ошондуктан өкмөттөн биздин маселебизди чечип берсе деп суранып кете элем. Спорт залы да бүтө элек, андан дагы окуу корпусун толук бүткөрүп берүү маанилүү болуп турат», - деди ал.

Т.Сатыбалдиев атындагы мектепте учурда 215 бала билим алып, 30 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×